Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокатта каза болгон төрт казак баланын сөөгү мекенине алынып келинди

Казак ишкерлери жана жергиликтүү бийлик каза болгон балдардын жакындарына жардам берүүнү убадалашты

Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгон казакстандык төрт баланын сөөгү Усть-Каменогорскко алынып келинди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Чыгыш Казакстан облусунун акимиаты балдардын жакындарына жардам берүүнү убада кылган. Жергиликтүү ишкерлер да каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Алар ондогон короолорду суу каптап, эки көпүрөнү жана жолдорду бузушкан. Абшыр-Ата эс алуу аймагында 1300 адам камалып калган. Кырсыктын кесепетинен 9 адам каза болгон, алардын көбү балдар жана өспүрүмдөр.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ноокатта каза болгондордун арасында төрт казакстандык жашы жете элек өспүрүм бар экенин билдирген.

Сүрөт: ӨКМ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх