Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Букадагы борбордук базардан өрт чыкты (фото)

Өрттү үч өрт өчүрүүчү бригада өчүрдү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы борбордук базарда өрт чыкканын ӨКМ билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат кечээ саат 18.09да келип түшкөн. Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бригадасы барган.

Маалым болгондой, өрт «Аида» кафесинде чыгып, андан кийин өрт ошол эле имаратта жайгашкан килем дүкөнүнө жана «Фирдавс» кафесине өткөн.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 400 чарчы метрди түздү.

Өрт өчүрүүчүлөр өрттү тез арада чектөөгө алып, өрттүн башка кафе, дүкөндөргө өтүп кетүүсүнөн сакташты.

 

Сүрөт ӨКМдүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх