Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте "Тез жардам" кызматынын дарыгерин сабап салышты - видео

Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, денеси көк-ала, гематомалары бар

Бишкекте кош бойлуу тез жардам кызматынын дарыгери сабалды. Бул тууралуу маалымат коомдук blacklist.kg сайтында пайда болду.

Жабырлануучунун кесиптештеринин айтымында, окуя кечээ дарыгерлер тобу чакырууга барганда болгон.

«Кечээ, 30-июнда саат 13:00дөр чамасында тез жардам кызматынын дарыгери эс-учун жоготконго чейин сабалган. Дарыгер көптөгөн көгала жана гематомалар менен «мээси чайкалып, боюнан түшүп калуу коркунучу бар» деген диагноз менен нейротравма боюнча ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер баланын ичи ооруп, чалууга келишкен. Алар даректи издеп жатышканда баланын апасы 2 баласы менен тез жардам менен ооруканага барууга даяр экенин билгизген. Врач баланы карап, пальпацияда баланын абалы туруктуу, ич өткөгү жок, ооруканага жаткыруу белгилери жок экенин аныктаган. Эне дарыгерди видеого тартып, сөгүнүп, кийин кол көтөргөн», - дешти жабырлануучунун кесиптештери.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх