Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уруп, муунткан. Милиция антикинодогу кызга кол салган адамды кармады (Видео)

Бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектин 7-кичи районунда мас абалындагы кардар 20 жаштагы антикинотеатрдын администраторуна кол салган. Маалыматты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында антикинотеатрга мас киши келип, эки саат отуруп, анан администратор айымга асыла баштаганы тууралуу маалымат чыккан. Андан эсепти төлөп чыгып кетүүнү суранышканда, ал макул болбой, кызга кол салып, муунтуп, сабап баштаган.

Бул факты боюнча «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Шектүү табылып, кармалган. 34 жаштагы М.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх