Сузакта «Йакын Инкар» РЭТинин 6 активдүү мүчөсү кармалды
Ошондой эле 1 кг ашык баңги заты табылган
Сузак районунда Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 6 активдүү жактоочусу кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, алар Жалал-Абад облусунун жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.
Тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдары бар баракчалар, ошондой эле салмагы 1 килограммдан ашык баңги заттары (842 грамм гашиш жана 286 грамм марихуана) алынган.
Кармалгандар КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз