Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бостеридеги коркунучтуу кырсык: бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы толук маалымат берди

Бостери айылында болгон коркунучтуу жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, кырсык кечээ таң эрте болгон. Анда Мерседес-Бенц менен Киа К7 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

«Мерседес-Бенц» унаасынын жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болуп, Kia K7 унаасынын айдоочусу жана эки адам ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жаткырылган.

Топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх