Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунда Бангладештин 11 мыйзамсыз жүргөн жараны кармалды (видео)

Өзбекстанда жумуш таппай калган чет элдиктер Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүнү чечишкен

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Бангладештин 11 жараны кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Бангладештин жарандары 2024-жылдын 8-июнунда Өзбекстанга жумушка орношуу максатында келишкен, бирок ал жактан иш таппай, белгиленген мамлекеттик чек ара бекеттерин айланып өтүп, Кыргызстанга өтүүнү чечишкени аныкталган.

Бангладештин жарандары менен биргеликте мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Кошумчалай кетсек, УКМК 21-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда миграциялык мыйзамдардын талаптарын тоготпой, өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 46 Бангладеш жараны аныкталганын билдирген. Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, сот органдары аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу маселесин карап жатат.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх