Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга 80 тонна уйдун майын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

Жүк кайра Казакстанга жөнөтүлдү

“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө 80 миң килограмм уй этинин майын ташып киришкенин аныкташкан. Бул тууралуу КР Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүк ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербестен, таңгактары жана маркировкалары туура келбеген ошондой эле ББ 021/2011 «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине жооп бербегени аныкталган. Инспекторлор тарабынан тиешелүү кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга кайтарылды.

 

Эскерте кетсек, жакында эле “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө 20 миң килограмм уй этинин майы алынып келингендиги аныкталган. Бул жүк дагы Казакстанга кайра жөнөтүлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх