Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лейлекте айыл өкмөттүн башкы эсепчиси өзүнө 2 миллион 300 миң сом мыйзамсыз которгон

Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндө каржылык алдамчылык фактылары аныкталганын КР Башкы прокуратурасы билдирди.

Анын айтымында, текшерүү учурунда кызматкерлердин негизги эмгек акысынан тышкары айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ф.К. кошумча жазууларды жүргүзгөнү аныкталган. Ошентип, башкы эсепчи 2021-жылдын март айынан 2022-жылдын аягына чейин айыл өкмөт башчысынын электрондук колтамгасын жана айыл өкмөтүнүн мөөрүн колдонуу менен РСК Банктын Раззаков шаарындагы филиалына арыздарды тапшырып, акча каражаттарын өзүнө негизсиз которгон.

Натыйжада мамлекетке 2 миллион 336 миң сом зыян келтирилген

Бул фактынын негизинде Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери Лейлек РИИБнин тергөө кызматына тапшырылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх