Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими алынды
Селдин кесепеттери жарым-жартылай жоюлду
Баткен облусунун Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, ал жерде 26-июндан баштап жаандан улам сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сел ондогон короолорду каптаган.
Бүгүнкү күндө кырсыктын кесепеттери жарым-жартылай жоюлду.
Сүрөт: ӨКМ
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз