Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалды

Ал 100 миң сом опузалап талап кылган

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору пара талап кылган деген айып менен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Бишкек ш., көч. Ахунбаева, 97 дареги боюнча академиянын аймагында жайгашкан имаратты ижарага берүү келишимин узартуу үчүн ректор тарабынан 100 миң сом талап кылуу фактысы аныкталган.
4-июлда М.К.А.га акча каражатын которууда ортомчулук кылган КСАФКиСтин ректору, ошондой эле академиянын окутуучулары А.С.С. жана Б.К.Т. 1000 доллар өлчөмүндөгү каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган. Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх