Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алайда унаа Мурдаш суусуна түшүп кеткен, куткаруучулар баланы издеп жатышат - видео

Издөө иштерине 200гө жакын адам катышууда

Алай районунда «Лада» үлгүсүндөгү унаа Мурдаш дарыясына кулап, куткаруучулар ичиндеги баланы издеп жатышат. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, унаанын ичинде айдоочу жана кичинекей бала болгон. Айдоочу рулду башкара албай калып, унаа дарыяга кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери айдоочуну куткарып, баланы издөө иштери уланууда.

Издөө иштерине 200гө жакын адам тартылган, анын ичинен 16 куткаруучу, 42 милиция кызматкери жана 137 жергиликтүү тургун.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх