Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Бийликти күч менен басып алуу аракетинин алдын алынды (фото)

Кармалгандарда курал-жарактардын жана ок-дарылардын бүтүндөй арсеналы бар экени аныкталган

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алуу аракетинин алдын алынганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, белгилүү бир деструктивдүү топ массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти күч менен басып алуу жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу пландарын иштеп чыккан.

«Бул топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөн. Алардын үйлөрүнөн жана унааларынан колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, бронепостерлер, укук коргоо органдарынын кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар жана башка тыюу салынган буюмдар табылган», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары 5 адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды – алар К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж жана С.А.Б.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх