Ысык-Көлдө эс алуучулар унаа менен көл жээгине кирип барышкан - видео
Кыргызстандыктар айдоочуну жазалоону талап кылууда
Ысык-Көлдө эс алуучулар унаалары менен түз жээкке айдап барышкан. Видео социалдык тармактарда пайда болду.
Маалым болгондой, окуя 2-июль күнү Чок-Тал айылындагы «Бригантин» пансионатынын аймагында болгон.
Социалдык тармактын колдонуучулары айдоочуга айып пул салууну талап кылууда.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз