Кыргызстанда дем алыш күнү 21 өрт кырсыгы катталды
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 28 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган
Кыргызстанда дем алыш күнү 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында — 3, Чүй облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 2, Ош облусунда — 3, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 1 өрт катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 28 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз