Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдүн жээгине чейин айдап барган айдоочуга 15 миң сом айып салынды (видео)

Ага карата бейбаштык фактысы боюнча протокол түзүлдү

Ысык-Көл облусунун Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери унаасы менен көлдүн жээгине кирип кеткен айдоочуну табышты.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары 2-июль күнү Чок-Тал айылындагы Бригантин пансионатынын аймагындагы эс алуучулар Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен жээкке айдап киришкенин билдиришкен. Алар айдоочуну жазалоону талап кылышкан.

Жол кайгуул кызматы айдоочуну тапканын билдирди. Ага карата бейбаштык фактысы боюнча протокол түзүлдү. Ал кишиге 15 миң сом айып салынды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх