Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 430дан ашык койду алып өтүүгө аракет кылышкан
Таластын үч тургуну кармалды
Талас облусунда майда мүйүздүү малдарды Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 4-июль күнү Манас районунун Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги Көл-Жайлоо тоолуу аймагынын аймагында КР УКМКнын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте 432 баш майда мүйүздүү малдарды Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан Талас районунун Нылды айылынын тургундарын кармашкан.
Бул факты боюнча КР УКМК тергөөгө чейинки иликтөө иштерин баштады.
Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз