Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Ысык-Көлдө чет элдик – “Кудайдын сөзү” кыймылынын жактоочуларын кармады

Аларга айып пул салынды

Ысык-Көлдө “Кудайдын Сөзү” диний агымынын жактоочулары болгон үч чет элдик жаран кармалганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, чет өлкөлүк жарандар КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аккредитациясы жок пансионаттардын биринин аймагында мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүп келишкен.

«Аталган жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул салынды», - деп айтылат маалыматта.

 

 

 Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх