Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын болочок күйөө баласы баңгизат менен кармалды - ЖМК

Ал СИЗОго киргизилди

Кыргызстандын президентинин карындашы Лазат Нуркожоеванын болочок күйөө баласы баңгизат менен кармалды, деп жазды kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарына таянып.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 5-июль күнү милиция кызматкерлери Лазат Нуркожоеванын сүйлөшкөн жигити Афтандил Сабырбековду баңгизат таратып, жасап жүргөн деген шек менен кармашкан. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 9-июлда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сабырбеков СИЗОго киргизилди.

Бул ишке бир нече адамдын тиешеси бар экени белгиленүүдө. Тергөө иштерин КР ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, июнь айынын аягында социалдык тармактарга президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын шаан-шөкөт менен кудалашып жаткан видеосу тараган. Жаштар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы  менен Бишкектин жанындагы капчыгайга учуп келип, аларды жакындары күтүп турган. Ал жерден Афтандил Сабырбеков Лазатка үйлөнүү сунушун киргизип, баары тоонун фонунда фейерверк менен коштолгон.

Видео коомчулуктун сынын жана нааразычылыгын жараткан.

Кийинчерээк Садыр Жапаров бул видео жана анын карындашы Лазат Нуркожоева үчүн кыргыз элинен кечирим сураган .

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх