Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө 1,63 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен

20 миллиондон ашык бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда 20 миллион сомдон ашык бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, Түп районунун Карасаев айыл аймагынын аймагындагы 1,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

 

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө болжолдуу баасы 20 млн 110 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх