Видео: Баткен облусундагы селдин коркунучтуу кесепеттери
Кырсыктарды жоюуга 130дан ашык куткаруучу тартылган
Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 130дан ашык куткаруучу жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган бөлүм билдирди.
Кечээ күнү Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарын сел каптаган.
Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу сел каптаган турак үйлөрдү жана короолорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми Ак-Татыр айылында Аэропорт жана Өрүкзар тилкелеринде селдердин кесепеттерин ӨКМдин Тоо-куткаруу кызматынан 96 кызматкер жана ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 96 кызматкер тартылган.
Эске сала кетсек, Баткен облусунда селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген.