Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Базар-Коргондо кош бойлуу аял жайлоодон тик учак менен чыгарылды (видео)

Аял борбордогу төрөт үйүнө жеткирилди

Жалал-Абад облусунда жайлоодогу кош бойлуу аялга жардам көрсөтүү үчүн тик учак жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, 9-июль күнү саат 22:20 чамасында Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Отуз-Ат тоо жайлоосунда 28 жаштагы аял тез жардамга муктаж экендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Жайлоого жол жок болгондуктан ага тик учак жардамга жөнөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарыгерлери менен учак Бишкектен таңкы саат алтыда учуп чыккан. Келгенден кийин алар аялга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, кайра Бишкекке учуп алып кетишкен. Кош бойлуу аял борбордогу төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх