Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан адамды спецназ кызматкерлери куткарып калды
Ал пирстен секирип, башын сүзүп, эсин жоготкон
Ысык-Көлдө Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери сууга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калышты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 9-июль күнү саат 21.00дөр чамасында болгон. Милициянын сержанты Жалил уулу Шамил менен милициянын ага сержанты Айбек Бийдинов Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында кызмат өтөп жүрүп, бир адам сууга секирип, чөгүп баштаганын байкашкан. Алар сууга түшүп, эс-учун жоготкон эс алуучуну жээкке чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң жабырлануучу тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, Кочкор-Ата шаарынын 34 жаштагы тургуну пирстен секирип башын сүзүп, анын кесепетинен эсин жоготкон.
Сүрөт: Ички иштер министрлиги