Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин дагы алты кызматкерин кылмыш жоопкерчилигине тартты

Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда

Өзгөн районунун мурдагы айыл өкмөт башчысынын иши боюнча Өзгөн районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин дагы 6 кызматкерине кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Өзгөн районунун кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Май айында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын экс-акими, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин экс-жетекчиси А.Р.Т. жер участокторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кармалышкан.

Мындан тышкары, өзүнчө козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн филиалынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин 6 кызматкери К.З.К., Т.Т.Т., Б.М.А., А.К.М., Э.А.Д., Э.А. Т кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоодо.

Сүрөт: УКМК

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх