Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Суу: селдин айынан 7,5 миңдей керектөөчү электр жарыксыз калды

Ош шаарында жана Кара-Суу районунда кечээ, 15-июлда түштөн кийин катуу жаан жаап сел жүргөн

Энергетика министрлиги Ошто селдин кесепетин жоюу үчүн адистер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. Ушул тушта Кара-Суу районунда 7,5 миңдей керектөөчү жарыксыз отурганын кабарлады.

“Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу райондук бөлүмү тейлеген 7,5 миң керектөөчү жарыксыз калды. Маалыматка ылайык бул аймактан сегиз даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен. Кара-Сууда 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган. Мындан сырткары Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы бир даана электр мамычасын агызып кеткен. Жалпы 26 адамдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат”,-деп жазылган маалыматта.

Ош шаарында жана Кара-Суу районунда кечээ, 15-июлда түштөн кийин катуу жаан жаап сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Төлөйкөн айылында эс алуу жайында сел агызып кетип изделип жаткан төрт адам бир үй-бүлө мүчөлөрү экенин билдирди.

Маалыматка ылайык алар 1980-жылы туулган Д. Н. аттуу келин 2005, 2014 жана 2018-жылы туулган кыздары менен болгон.

Буга чейин аталган жайдан 500дөн ашык киши коопсуз жайга чыгарылганы кабарланган.

Кырсыктан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жекшембиде түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Социалдык тармакта соодагерлер, жарандар кымгуут-кыйсыпырга түшкөн, товарлар, буюм-тайымдар, машиналар сууга аккан видеолор сүрөттөр тарады.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх