Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто сел эки аялды агызып кеткен боюнча видео пайда болду

Алардын биринин сөөгү бүгүн табылды

Социалдык тармактарда Ошто сел эки аялды агызып кеткен видео пайда болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен журналисттерге билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча булар 14-июлдагы селден кийин дайынсыз жоголгон аялдар. Буга чейин алардын биринин 44 жаштагы Н.Д. сөөгү куткаруучулар тарабынан Өзбекстандын чек арасына жакын жердеги Ак-Буура дарыясынан табылган. Анын эки кызын жана дагы бир аялды издөө иштери уланууда.

Ош шаарында селдин кесепетинен 5 адам дайынсыз жоголду, деп маалымдайт ӨКМ. Өткөн түнү Өзбекстанда 2018-жылы туулган бир кыздын жансыз денеси табылган. Бүгүн Ак-Буура дарыясынан үч кызы менен агып кеткен аялдын жансыз денеси табылды.

Эскерте кетсек, бир күн мурун Ош шаарында Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, бир катар көчөлөрдү жана борбордук базарды каптаган. Селдин кесепетинен Өзгүр, Мады, Төлөйкөн жана Бөрүбай-Ата айылдарына да зыян келтирилген.

Суу каптаган аймактан 450дөн ашык адам эвакуацияланды. Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх