Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте үйдөн 34 миллион сом уурдаган шектүү кармалды

Милиция анын жашанган жерин тинтүү учурунда 4 миллион 386 миң сом табылып алынганын кошумчалады

Бишкекте уурулукка шектелип 28 жаштагы жаран кармалды.

Бул туураулуу шаардык милиция билдирди. Маалыматка ылайык, 8-июлда милицияга М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.Дуйшекеев дарегинде жайгашкан үйүнө белгисиз жаран мыйзамсыз кирип, 34 миллион сомун уурдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1996-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Милиция анын жашанган жерин тинтүү учурунда 4 миллион 386 миң сом табылып алынганын кошумчалады.
Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх