Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокатта мыйзамсыз деп табылган эки кабаттуу соода түйүнү буздурулду

Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан демантаждоо иштери жүргүзүлдү

Ноокатта мыйзамсыз деп табылган "Жоробай-Ажы" соода түйүнү буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ноокат райондук сотунун чечими менен Ноокат шаарынын О.Солтобаев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 2 кабаттуу “Жоробай-Ажы” соода түйүнү мыйзамсыз деп аныкталып, курулушту буздуруу боюнча чечим чыгарган. Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан демантаждоо иштери жүргүзүлдү.

Мамкурулуш агенттиги курулуш курууда мыйзамсыз иш-аракеттерге баруу менен чоң чыгымдарга учурап калбоо үчүн архитектуралык иш-кагаздарды толугу менен даярдап, анан курулуш иштерин баштоону эскертет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх