Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадамжайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Жеринде 10 куткаруучу сел сууларын сордуруу жана сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүздү

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, күн мурун нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Майдан айылындагы Чокой, Гараж, Шамбесай, Анипа, Акчечек, Кызыл-Булак сел өткөрүүчү сайларында сел суулары жүрүп, ички чарбалык жолдорду кум шагалга толтурган. Ошондой эле 7 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 бакчага сел суулары кирген.

Жеринде 10 куткаруучу сел сууларын сордуруу жана сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүздү.

"Селден жабыркагандар жок. Кадамжай райондук ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ, 1 мотопомпа, 3 техника, жергиликтүү бийликтен 7 жаран, айыл аймактан 1 экскаватор, ЖТИнан 1 жүктөгүч жана ДЭПтен 4 техника аймакта сел кесепеттерин жоюу иштерин аткарып жатат. "Дугаба" эс алуучу жайына кеткен жолду калыбына келтирүүгө да атайын техникалар тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх