Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Азербайжандын жаранын кармады

Айрым маалыматтарга караганда, Б.М.Г. Кыргызстан жана Казакстандын уюшкан кылмыштуу топторунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча 1993-жылы туулган Азербайжандын жараны Б.М.Г. кармалып, ал андан ары башка мамлекетке өтүү үчүн Өзбекстанга барууга аракет кылгандыгы аныкталды. Айрым маалыматтарга караганда, Б.М.Г. Кыргызстан жана Казакстандын уюшкан кылмыштуу топторунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар.

Кармоо учурунда Б.М.Г. менен биргеликте анын ишенимдүү адамы 1980-жылы туулган уйгур улутундагы Кыргызстандын жараны Чүй облусунун жашоочусу, буга чейин бир нече жолу соттолгон М.З.Т. кармалды. Ал Б.М.Г.га Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөтүп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

Учурда УКМК тарабынан аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышты аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх