Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: «Айчүрөк» Борбордук универмагтын ээси Маметов Анвардын кылмыш иши токтотулду

Ал маркум «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбекти каржылаган деп айыпталган

КР УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы боюнча кылмыш иши козголгон «Айчүрөк»
Борбордук универмагтын ээси Маметов Анвар Ильшатовичтин иши токтотулду

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбек Кыргыз Республикасынын ири ишкерлеринин бири - Маметов (Габбазов) Анвар Илшатович тарабынан уюшкан кылмыштуу топ деп аталган топтун ишин каржылоонун айрым фактылары аныкталган.

2024-жылдын 16-июлунда А.Маметов Кыргыз Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары менен бир катар тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, А.Маметовго карата мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугунан алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх