Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арстан-Бап айылында сел жүрдү

Жерине Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топ тартылган

23-июлда Жалал-Абад облусунда кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча Базар-Коргон Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстан-Бап айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.

Жол каттам ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топ тартылган.

Саат 20:50гө карата алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Жерине Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, Жалал-Абад шаардык №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, 2 мотопомпа, Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн 9 куткаруучу 2 мотопомпа, Ноокен райондук ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу 2 мотопомпа, Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 мотопомпа жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх