Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыныбай Турсунбековдун балдары «Капитал Банкты» мамлекетке өткөрүп берди

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Чыныбай Турсунбековдун кыздары Айдай жана Бегимайды июнь айында кармаганы белгилүү болгон

«Акун» компаниялар тобунун негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык «Капитал Банктын» 100% акциясы мамлекетке – Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин карамагына өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында кабарланганын «Акчабар» жазды.

Буга чейин аталган банктын акциялары Турсунбековдун баласы Эржан Чыныбай уулуна 40%ы, Айдай Турсунбековага 30%ы жана Бегимай Чыныбай кызына 30%ы таандык болуп келген.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Чыныбай Турсунбековдун кыздары Айдай жана Бегимайды июнь айында кармаганы белгилүү болгон. Айдай Турсунбекова соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган, ал эми Бегимай Чыныбек кызы үй камагына чыгарылган. Аларга «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганы кабарланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча үн катып, Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсү убагында «Капитал банк» менен «Бишкек арак заводун» мыйзамсыз менчиктештирип алганын сөз кылып, бул эки объект мамлекетке кайтарыларын билдирген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх