Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин факультеттеринин биринин деканы кармалды

УКМК билим берүү системасындагы коррупция, паракорчулук фактылары тууралуу билдирүүгө чакырат

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин факультеттеринин биринин деканы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет..

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 2024-жылдын 26-июлунда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканынын орун басары Д.у.Д кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы У.И.С. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камакка алынды.

УКМК билим берүү системасындагы коррупция, паракорчулук фактылары тууралуу билдирүүгө чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх