Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында республикалык бюджетке 753 миң 565 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Араван районунун аймактык билим берүү борборунда материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Ш.Ж. аталган уюмдун бухгалтери С.У.Б. жана Т.Г. ЖЧКнын өкүлү менен кылмыштуу бүтүмгө келип, 2022-жылдын июнь айында мамлекеттик заказдын суммасынан 10% (откат) башкача айтканда, 2 млн 99 миң 100 сомдон берүү шарты менен мамлекеттик сатып алуу боюнча жасалма тендер өткөргөндүгү такталды.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында республикалык бюджетке 753 миң 565 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Араван райондук билим берүү борборунун мурдагы директору А.Ш.Ж кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх