Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түптө мүмкүнчүлүгү чектелген кызды 4 күн кашарда кармап, зордуктап, сабашкан

Уурдалгандан кийин жабырлануучунун телефонун алып, сууга ыргытып салышкан

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 26 жаштагы майып кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кыз 29-июлда дайынсыз жоголгон — ошол күнү ал Түптөгү таенесиникинен Караколго кетмек болгон. Аны кичи автобуска салышкан, бирок кийинчерээк эки белгисиз адам аны күч менен базардын жанынан унаага салып кетишкен. Уурдалгандан кийин жабырлануучунун телефонун алып, сууга ыргытып салышкан.

Туугандарынын айтымында, кызды күч менен Түп районундагы сарайга алып барып, экөө бирдей зордуктап, сабап, тамак жасатып, мал кайтарууга мажбурлашкан.

Кыздын экинчи топтогу майыптыгы бар экенин, анча сүйлөй албасын, чоң кишидей көрүнгөнү менен өзүн жаш баладай алып жүрөрүн жакындары кошумчалашты.

Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н., КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде Түп РИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.

Экинчи шектүүнүн да өздүгү такталды. Ал Түп районунун Токтоян айылынын 1988-жылы туулган Б.Н. экени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх