Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бостериде 6 жолу соттолгон чет өлкөнүн жараны кармалды

Ал криминалдык чөйрөнүн идеологиясын кармайт

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан «Алтын кум» («Золотые пески») пансионатында мурда 6 жолу соттолгон чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

«Россия Федерациясында, Өзбекстан Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасында ар кандай кылмыштар (уурулук, мал уурулук, опузалоо жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу) үчүн мурда 6 жолу соттолгон 1989-жылы туулган С.Э кармалды.

Ал криминалдык чөйрөнүн идеологиясын карманат. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май жана Чүй облусунун Аламүдүн райондорундагы кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх