Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тоо-ташта эс албай тургула! Ысык-Көл, Нарында сел жүрүү кооптуулугу сакталат

ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондордон 112 кызматына билдирүүнү өтүндү

ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондордон 112 кызматына билдирүүнү өтүндү.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, синоптиктер 7-августта эки дубанда нөшөрлүү жаан-чачын болушу ыктымал.
"Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бийик тоолорго жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз", — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондордон 112 кызматына билдирүүнү өтүндү. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх