Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кримавторитет Салим Абдувалиевге издөө жарыялады

Салим Абдулаевге карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганына байланыштуу криминалдык авторитет, өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улдуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Асанбектин "Мыйзамдагы ууру" уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстандын ири ишкерлеринин бири жана кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Абдувалиев ("Салимбай Байбатча" деп аталган криминалдык авторитет, Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн формалдуу эмес лидери, 2024-жылы ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн Өзбекстандын сот органдары тарабынан соттолгон) тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Салим Абдувалиев Өзбекстандын аймагында кылмыштуу топтордун лидери болуу менен бирге КМШ өлкөлөрүнө да түздөн-түз таасирин тийгизип, баңги каражаттарды Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу каналдарын уюштуруп, "Мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбек менен байланыш түзүп, системалуу түрдө материалдык жардам көрсөтүү аркылуу, анын КР криминалдык дүйнөсүнүн, ошондой эле Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында, региондун башка таасирдүү криминалдык авторитеттеринин арасында лидер болуп калуусуна өз колдоосун көрсөткөн.

Ошол эле учурда Камчы Асанбек менен Салим Абдувалиевдин жакын мамиледе болгондугуна Камчы Асанбектин Өзбекстандын аймагында Салим Абдувалиев тарабынан уюштурулган салтанаттарга жана башка иш-чараларга бир нече жолу барганы тууралуу маалыматтар далил боло алат.

Ошентип, Салим Абдувалиев Кыргызстандын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө таасир этүү чөйрөсүн кеңейтүү боюнча өзүнүн жеке максаттарын көздөп, буга белгилүү бир денгээлде жетишип, Камчы Асанбектин жана анын тобунун укукка каршы ишмердигин ар тараптуу колдогон жана системалуу негизде каржылаган.

Чогултулган материалдардын негизинде Салим Абдулаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Мындан тышкары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх