Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Ата шаарында жана анын жанындагы айылдарда сел жүрдү

Кыргызгидромет нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө

Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарын жана дагы үч айылды сел каптаганын ӨКМден билдиришти.

"Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөргө жайылып жана "Жүдөмүш" каналында сел жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын бир нече көчөлөрүн, Булан-Сөгөттү айылын сел каптаган. Куткаруучулар Бактуу-Долонотулук бир үй-бүлөнү коопсуз жайга убактылуу көчүрдү", — деп билдиришти ӨКМден.

Министрликтен дагы кошумча маалымат берерин айтышты.

Ал арада социалдык тармактарда караңгы кирип калганда селдин Чолпон-Ата шаарынын көчөсүнө толтура келип, автоунааларды агызып кете жаздаган видеолору тарады.

Кыргызгидромет бир нече күндөн бери шашылыш билдирүү таратып, нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх