Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокендеги үрөй учурган кырсык алты адамдын өмүрүн алып кетти

Милициядан кроссовер каршы тарапта келе жаткан оор жүк ташыган автокөлүктү сүзгөнүн айтышты

Ноокен районунун (Жалал-Абад облусу) аймагындагы үрөй учурган автокырсыктан алты адам көз жумду. Бул туурасында ЖКККББден билдиришти.

Трагедия 11-августка караган түнү, саат 04:00 чамасында болгон.

"Бишкек — Ош жолунда SsangYong Korando кроссовери жолдун каршысында келе жаткан оор жүк ташуучу автокөлүк менен кагышкан. Жеңил машинанын ичинде бараткан жүргүнчүлөр көз жуумп, бирөө ооруканага түшкөн. Жүк ташыган автокөлүктүн айдоочусу жана жанында кетип бараткан адам да аймактык ооруканага жеткирилген", — деп айтылды маалыматта.

Милициядан алардын ким экени, аты-жөнү такталып жатканын айтышты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх