Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп районунда 18 млн сомдук пилорама жана 0,74 га жер мамлекетке кайтарылды

Тергөө иштери уланууда

Түп районундагы жалпы баасы 18 млн 193 миң сомду түзгөн кампалары бар пилорама жана аянты 0,74 га жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жалпы улуттук компаниянын кезектеги этабын ишке ашыруунун алкагында УКМК тарабынан Түп районунун Карасаев айыл аймагында жайгашкан жалпы сметалык баасы 18 млн 193 миң сомду түзгөн кампалары бар пилорама жана 0,74 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Тактап айтканда, УКМК органдары тарабынан көрсөтүлгөн өнөр жай объекттери жана жер участогу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен Түп райондук агрардык жана жер реформасы боюнча борборунун, ошондой эле Арал (азыркы Карасаев) айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан Түп районунун жашоочусунун менчигине чыгарылгандыгы аныкталды.

Тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх