Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаңы курулуп жаткан турак үйдөн өрт чыкты

Өрт Анкара көчөсү №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан

Бишкекте жаңы курулуп жаткан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт Анкара көчөсү №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 22:02ден тарта 4 өрт өчүрүү бөлүмү, автошаты жана штаб тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх