Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто баласын алдына алып, унаа айдаган аялга 19 миң сом айып салынды

ЖКККББ укук бузууларга күбө болгондорду (0777) 102-102 ишеним номуруна жөнөтүүнү суранат

Ошто баласын алдына алып, унаа башкарган айымга 19 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарда жаш баласын алдына отургузуп, жол эрежесин одоно бузуп айдап бара жаткан айым айдоочу боюнча видео тасма тараган.

Маалымат алынгандан кийин издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери тарабынан эреже бузган айдоочу айым табылып, баласын астына салып айдагандыгы, айдоочулук күбөлүгүн такыр албагандыгы жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн жалпысынан 19 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ укук бузууларга күбө болгондорду (0777) 102-102 ишеним номуруна жөнөтүүнү суранат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх