Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болгарияга Кыргызстандан барган жүктөн баңгизат табылганбы? ИИМдин жообу

Маалымат жергиликтүү ЖМКларда жана социалдык тармактарда тарап жатат

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жүк Кыргызстандан барбаганын белгилөөдө.

Associated Press маалымат агенттиги Болгариянын укук коргоо органдары Кыргызстандан барган жүктүн ичинде катылган 436 килограмм баңгизат тапканын жазган.

Маалымат жергиликтүү ЖМКларда жана социалдык тармактарда тарап жатат.

Анткен менен Кыргызстандын ИИМи Болгариянын мамлекеттик органы тарабынан расмий маалымат жөнөтүлбөгөнүн билдирди.

"Бул окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми (Грузия) шаарынан барганы маалым жана мындан аркы маалыматтар такталып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле баңгизатты мыйзамсыз жүргүртүү менен күрөшүү министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экени кошумчаланган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх