Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта окуучуларды тебелеп кеткен «Портердин» айдоочусу жоопко тартылган жок

Белгилей кетсек, 2-майда болгон окуяда 29 бала жабыркап, 18и ооруканага түшкөн

Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынакта Сузакта окуучуларды тебелеп кеткен «Портердин» айдоочусу Баатыр Атамкуловго каршы козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Кырсыкка байланыштуу ишти Сузак райондук соту 24-июлда карап чыккан. Анда 11 баланын ата-энеси Баатыр Атамкулов менен жарашып, тосмо арыз жазып беришкендиктен, иш кыскартылган.

Айдоочу Кылмыш-жаза кодексининин 312-беренеси менен, этиятсыздыктан ден соолукка оор залака келтирүү, автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузууга айыпталган.

Белгилей кетсек, 2-майда болгон окуяда 29 бала жабыркап, 18и ооруканага түшкөн.

Бир нече милиция кызматкери тартип жазасына тартылып, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги иштен алынган.

Айдоочу иш-чарага демөөрчү катары балмуздак алып барып, унаасынан түшүп, телефон менен сүйлөшүп жаткан кезде «Портер» жүрүп кеткен.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх