Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5 жашар секелек кызды зордуктаган кишиге өкүм чыкты

Ал мүлкүн конфискациялоо менен өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн өмүр бою эркинен ажыратылганы айтылды

Кара-Суу райондук соту 5 жашар кызды зордуктоого айыпталып жаткан кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттиги Ош облустук сотуна шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 31 жаштагы соттолуучу турак үйгө мыйзамсыз кирүү, баланы уурдоо жана өтө ырайымсыздык менен жасалган сексуалдык зомбулук боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын негизинде айыпталуучу Э. уулу З. мүлкүн конфискациялоо менен өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн өмүр бою эркинен ажыратылганы айтылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх