Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта 14 жаштагы Акылай 11 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Азыркы учурда кыздын жүргөн жери дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу, милиция жана туугандары  коомчулуктан жардам сурайт

Талас шаарынын тургуну, 2010-жылы туулган Болотбекова Акылай Алтынбековна 5-август күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн «Талас шаарынын борбордук аянтына барам» деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Акылайдын өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, сары жүздүү, көзү күрөң түстө, чачынын түсү кара, дене түзүлүшү арык-чырай.

Кийген кийимдери: үстүндө ак жана кара түстөгү сызыктан футболка, астында көк түстүү жинсы шым.

Азыркы учурда Болотбекова Акылай Алтынбековнанын жүргөн жери дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу, милиция жана туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Байланыш номурлар: 102, 03422 5 23 10, 0502 73 73 10.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх