Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунун эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Учурда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылды.

Учурда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх