Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тоң районунун Ак-Сай айылында сел жүрдү

Сел суулары жалпы 30 үйгө кирип, эки турак үйдөн 7 чоң киши жана 6 жаш бала убактылуу коопсуз жайга эвакуацияланды

Тоң районунун Ак-Сай айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-августта саат 19:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районунун Ак-Сай айылынын Жума Жамгырчиев көчөсүндөгү турак үйлөрдү сел каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Ак-Сай айылында сел суулары жалпы 30 үйгө кирип, эки турак үйдөн 7 чоң киши жана 6 жаш бала убактылуу коопсуз жайга эвакуацияланды.

Учурда Тоң райондук N38 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн кошумча 20 куткаруучу тартылып, турак үйлөрдөн сел сууларын сордуруу иши жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна катуу жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин жана облустун көпчүлүк аймактарында жамгыр катуу жаап жатканын билдирген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх